Биз социалдык тармакта

Бишкекте коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Бишкек шаарында коопсуздук талаптарын сактабаган курулуш объектисине карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, видео кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Д.Садырбаев көчөсү, 174–176 дарегинде жайгашкан 15 кабаттуу турак үйдүн курулушунда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, айрым жерлерде коргоочу конструкциялар орнотулбай, жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралган.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн “Алип Строй” компаниясына 200 миң сом айып пул салынып, бардык кемчиликтер жоюлганга чейин иши убактылуу токтотулду.

Жарандарга курулуштагы мыйзам бузууларга күбө болсо, тиешелүү органдарга фото же видео материалдарды жөнөтүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан