Бүгүн Ош шаарынын мэриясында жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу өткөрүлүп, арыздарды мэрдин орун басары Эрнис Толтоев укту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэриянын аппарат өкүлдөрү, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жарандар көбүнчө жер жана турак жай маселелери, жаңы көчүрүлгөн базарлар, имараттарды бузуу, материалдык жардам жана коммуналдык кызматтар боюнча кайрылышты.
Көйгөйлөр жеринде талкууланып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана маселелерди карап чыгуу иштерин тиешелүү кызматтарга жүктөө боюнча чаралар көрүлдү.