Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев курулуш тармагындагы көпүрөлөр үчүн балка өндүрүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш процессин жана колдонулган технологияларды жеринен көрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр ишкананын продукциясы шаардагы курулуш иштерин сапаттуу материалдар менен камсыз кылууда маанилүү роль ойноорун белгилеп, ата мекендик өндүрүштү колдоонун шаар үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Ошондой эле өздөрү өндүргөн материалдарды колдонуу зарылдыгын баса айтты.
Учурда ишканада 18, 24 жана 33 метрлик балкалар чыгарылууда. Өндүрүш процессинде жаңы технологиялар колдонулуп, продукциялардын сапаты жогорку деңгээлде камсыздалган.
Жакынкы күндөрү ишкана расмий түрдө ачылууга даяр, жана толук кандуу ишке киргенден кийин Кыргызстанда курулуш балкаларын эң ири көлөмдө өндүргөн жалгыз тармакка айланат.