Жогорку Кеңеште парламенттин инклюзивдүүлүгүн баалоо үчүн жумушчу топ түзүлүп, алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган топко депутаттар, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирди. Максат – парламенттин ачыктыгын жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу инклюзивдүүлүктү баалоо боюнча эл аралык ыкмаларды сунуштады.