Ирандын Fars агенттиги жергиликтүү бийликке таянып жазгандай, Ирандын батышында ракеталык соккудан үч адам каза болду.
Маалыматка ылайык, Керманшах шаарынын Шариати аймагында ракеталык соккудан 9 турак үй талкаланган, болжол менен 30 үй жаракат алган. Куткаруучулардын аракеттери менен эки жаран урандылар астынан чыгарылып, үч адамдын сөөгү табылган.
Эске салсак, 28-февралдан тартып АКШ жана Израил Ирандагы объекттерге сокку урган, ал эми Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объекттерине жооп катары сокку урууда.