Арменияда өткөн аралаш мушташ (ММА) боюнча Hype FC 28 турниринде жеңишке жеткен спортчу Марсель Нурланбек уулу мекенге кайтып келди.
Маалыматка ылайык, Марсель Нурланбек уулун жакындары, күйөрмандары “Манас” аэропортунан шаңдуу тосуп алышкан.
Белгилесек, Нурланбек уулу Ереванда өткөн Hype FC 28 турниринде казак атаандашы Еркебулан Токтарды уткан.