Кечээ, 31-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы көп кабаттуу үйдүн тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жунушалиев тиешелүү имарат эки жылдан бери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө турганын билдирди. Бул мезгилде имараттын техникалык абалы начарлап, учурда авариялык абалда. Мэр ошондой эле үй ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлер берилерин, айырмасын жеңилдетилген шарттарда төлөө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

"Мүлктү баалоо пландаштырылып, ар бир ээси менен жеке консультациялар уюштурулуп, тиешелүү келишимдер түзүлөт. Коммерциялык жайлар турак жайлар менен бирдей каралат. Эгерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталса, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Бул тилкеге 14төн 18 чарчы метрге чейинки болжол менен 350 батирди камтыган №18, 20 жана 22-үйлөр кирет. Алардын ичинен 38 батир муниципалитетке таандык",- деп белгиленген маалыматта.