
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 25 чакырымы 1-майга чейин колдонууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда асфальт төшөлүп, темир торлор орнотулууда. Ошондой эле сел өтүүчү 2 чоң көпүрө жана суу түтүктөрү курулуп бүттү.
Аталган унаа жолунун калган чакырымдарынын курулушун 2026-жылы толугу менен бүтүрүү пландалган.