
Бүгүн, 1-апрелде Ош шаарында өрттөн 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Прядильная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 00:31де түшкөн.
Ош шаардык башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 03:08де өрт толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 68 жаштагы эркек киши каза болгон.