Биз социалдык тармакта

"Ким карап жатат?" Элвира Сурабалдиева момпосуй тараткан жарандын мисалында министрликтин ишин сындады

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Саламаттыкты сактоо министрилигинен психикалык жактан жабыркаган адамдарга кандай көзөмөл жүрүп жатканы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

Ал Бишкектин Ак-Ордо конушунда балдарга ийненин сыныгы кошулган момпосуй тараткан деп кармалган жарандын окуясын эске алып, "психикалык жактан жабыркаган адамдарды көзөмөлгө ала турган органдар эмне кылып жатышат?" деген суроо койду.

"Бул жаатта иштеген ооруканалар бар. Эми ошондой адамдардын каттоолору кайда, аларды ким карап жатат? Мына, ушул маселе боюнча тиешелүү комитетте карап, протоколдук тапшырма берели. Саламаттыкты сактоо министрлиги бир отчёт берсе. Анан андай адамдардын бардыгын камай бергенде, эми алар өздөрүнүн жүрүм-турумдарына жооп бере алышпайт да. Мындай окуянын болушу менен Саламаттыкты сактоо тутумундагы реформалардын начар көрсөткүчү деген жыйынтыкка келип жатам",- деди эл өкүлү.

Элвира Сурабалдиева момпосуй тараткан жарандын мисалында министрликтин ишин сындады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан