"Өткөн жылдын күзүндө мэрия көчөнү чыгыштан батышка чейин бириктирип, Аалы Токомбаевдин ысымын берүү чечимин кабыл алган. Ал эми Масалиевдин ысымын Чортеков жана Кривоносов көчөлөрүнө “кайра ыйгаруу” сунушталган. Бирок бул туура эмес деп эсептейм. Анварбек Чортеков – согуштун ардагери, анын ысымы көп жыл мурда берилген, аны өзгөртүү туура эмес.
Эскерте кетсем, Абсамат Масалиев Фрунзе шаардык аткаруу комитетин жетектеген, 6 жылдай республиканы башкарган. 5 жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине, 2 жолу СССР Жогорку Советине, 1 жолу СССР эл депутаты болуп шайланган, ошондой эле 2 жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры.
Мен эч кимди ынандыргым келбейт, балким, эң туурасы атамдын ысымын эч бир көчөгө кайра ыйгарбай эле коюш керек. Анткени кийин дагы бирөө келип, кайра өзгөртүп коюшу мүмкүн.
Менин пикиримди өлкө президенти Садыр Жапаровго жеткирип коюңуздар. Атамдын 90 жылдыгында ал жакшы сөздөрдү айткан эле, балким, дагы деле кеч эмес",- деп билдирген кайрылуусунда.