Биз социалдык тармакта

Сокулукта мыйзамсыз жер ээлеп алгандарга айып пул салынды (видео)

Чүй облусунун Сокулук районунда мыйзамсыз жер ээлеп алгандарга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кожомкул айылынын Школьная көчөсүнүн жээгинде жайгашкан объекттерге текшерүү жүргүзүлүп, айрым жер ээлери белгиленген чегинен чыгып кетишкендиги аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар кодексинин 149-беренесине ылайык 246 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, жер тилкелерин белгиленген чек арасына келтирүү үчүн жер ээлерине 15 күндүк мөөнөт берилди.
Сокулукта мыйзамсыз жер ээлеп алгандарга айып пул салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан