Биз социалдык тармакта

Депутат бир дагы коомдук транспорт жүрбөгөн конушту атады (видео)

Бишкек шаарындагы Нуркожо-Ата конушунда бир дагы коомдук транспорт каттабайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу парламенттин 1-апрелдеги жыйынында айтты.

"Автобус, кичи автобус дагы жок экен. Жарандар 1,5-2 чакырымга чейин жөө каттап, анан коомдук транспортту пайдаланып жатышат. Эмнеге десек, жолу жаман, туура келбейт деп айтышууда. Эмне деген шылтоо бул?",- деди эл өкүлү.

Карыбек уулу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, аталган маселени көзөмөлгө алууну суранды.

Нуркожо-Ата конушунда бир дагы коомдук транспорт жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан