Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков Бишкекте 40 күнгө ысык сууну өчүрүүнү апрелден май же июнь айларына жылдырууну сунуштады.
Ал муну апрель айында аба ырайы туруксуз болору менен түшүндүрдү.
"Ар бир эле батирде суу ысыта турган аристон жок. Ошондуктан аба ырайы турукташканга чейин жылдыруу боюнча сунуш берет элем",- деди эл өкүлү.