Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков дыйкандардын көйгөйлүү маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, канал, арыктар убагында тазаланбагандыктан суунун баары негизги айдоо аянттарына жетпей жатат.
"Жаз айында дыйкандардын эң көйгөйлүү меселеси - суу. Канал, арыктарды тез арада тазалоо керек. Элдер тазалоо үчүн акча, жакшы экскаваторлор керек деп жатышат. Ал жерлерди тазалабаса, суунун баары эле жолдо калып, негизги айдоого барбай жатат. Ошондуктан буга жакшы көңүл буруп, жергиликтүү бийликке тапшырмаларды берүү керек",- деди депутат.