Биз социалдык тармакта

“Түндүк” эми Президенттин иш башкармасына карайт

“Түндүк” ачык акционердик коому Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин иш башкармасына өттү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Түндүк” - мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана тездетүү үчүн 2025-жылы түзүлгөн Кыргызстандын улуттук санариптик платформасы. “Түндүк” тиркемеси аркылуу адамдар документтерди алмаштыруу, жашаган дарегин которуу, ооруканага жазылуу, автоунааны кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу сыяктуу кызматтарды колдоно алышат.

Азыр “Түндүк” Бишкек, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялардан тышкары, төмөнкү мекемелерди камтыйт:

  • “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс”;
  • “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”;
  • “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз Куршевель”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”;
  • “Кыргызстройсервис”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”;
  • “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары;
  • Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы;
  • “Учкун” басмаканасы, “Эйр Кейджи” авиакомпаниясы;
  • Типография жана бала бакчалар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан