
Чүй облусунун Сокулук районунда 22 жаранга мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу 1-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылы Манас айыл өкмөтүнө караштуу Семетей жаңы конушундагы 0,88 гектар жер тилкеси 22 жаранга мыйзам талаптарын бузуу менен берилип кеткен.
Натыйжада баасы 45 миллион 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелери мамлекеттик менчикке кайтарылды.