Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ошто окуучулар жол кырсыгына көп кабылып жатканын айтып, тийиштүү кызматтарга кайрылды.
"Ош облусуна кире бериште негизги айланма жол бар. Ал жерде автоунаалардын каттамы өтө көп. Ал жакта Кумар Момбеков атындагы орто мектеп бар. Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп болду. Окуучулар каза болгон учурлар да болуп жатат.
Ушул маселенин үстүнөн жакшы иш алып баруу керек болууда. Тийиштүү кызматтарга кайрылат элем, жерине барып, жолдогу сызыктарды көрүнүктүү сызып, видеокамераларды коюшса. Эл ал жерде жер үстүнөн өтүүчү же жер алдынан өтө турган өтмөктөрдү коюп берүүнү суранууда",- деди депутат.