Биз социалдык тармакта

Депутат Бекешев Курулуш министрлигинин ишин сынга алды (видео)

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишин көзөмөлгө алууну суранды.

Эл өкүлүнүн айтымында, Көк-Жар конушуна курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр эч кандай талаптарга жооп бербейт.

"Курулушка өздөрү уруксат беришет экен, анан өздөрү текшеришет. Албетте, алар өздөрүнөн эч кандай кемчилик табышпайт да. Качан гана бирөөнүн башына бир нерсе түшсө же бир нерсе сынып калса гана чара көрүп башташат. Мындай болбош керек.

Көк-Жардын Алапаев көчөсүндө көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Ал жерде эч кандай канализация жок. Ошол эле аймактагы Кийизбаев көчөсүдөгү көп кабаттуу үй кызыл сызыктан өтүп кеткен. Мындай үйлөр көп. Ооба, көп кабаттуу үйлөр курулушу керек, бирок адегенде суу түтүктөрүн, электр жарыгын киргизүү зарыл. Мына ошондо курса болот. Азыр эч кандай шарт жок, бирок үйлөр курулуп жатат",- дейт депутат.

Дастан Бекешов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан