Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Euronews телеканалы менен кызматташууну талкуулады

Бүгүн, 1-апрелде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Euronews маалымат телеканалынын президенти Педро Варгас Давидди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматтык контентти эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап өлкөдөгү негизги процесстерди, анын ичинде ШКУнун жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде телеканалдын президенти Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгиледи. Ал узак мөөнөттүү кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдирип, канал өлкө жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга көрсөтүү үчүн глобалдык аянтча болууга даяр экенин ырастады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан