Биз социалдык тармакта

"Элдин башы айланып жатат". Депутат УКМК алган мүлктөр боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылды

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМК тарабынан мамлекетке алынган мүлктөр боюнча коомчулукка ачык маалымат берилиши керектигин айтты.

Ал УКМК өзү же президенттин администрациясы бул боюнча маалымат бербесе, коомчулукта түшүнбөстүктөр жаралып жатканын белгиледи.

"Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Азыр элдин башы айланып жатат. Келген каттардын бардыгы жөнөтүлүүдө. Бирок УКМК жана Башкы прокуратура тарабынан берилген жооптор так эмес. Бул боюнча элге ачык-айкын маалымат керек болуп жатат. Анткени алынган мүлктөр кайтарылабы же жокпу, сотсуз эле чечилген чечимдерди эмне кылабыз, мыйзамдуу талаага кайтып келебизби же кайтпайбызбы деген суроолор болуп жатат",- деди эл өкүлү.

Элвира Сурабалдиева УКМК алган мүлктөр боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан