Бүгүн, 1-апрелде Ош шаарынын мэри Жанар Акаев тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Мэриядан билдиришкендей, кыдырууда аймактагы эски мектептердин учурдагы абалы каралып, алардын коопсуздугу жана окуу шарттары талданды. Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде спорт зал жана маданият үйү курула турган жерлер көрүлүп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ыкчамдатуу тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, аймактагы жолдордун абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү да көзөмөлдөнүп, тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен маселелер этап-этабы менен, системдүү түрдө чечилери айтылды.