Бишкек шаарында психотроптук заттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрүүгө шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу 1-апрелде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер тарбынан жүргүзүлгөн тинтүү учурунда өзгөчө ири ѳлчѳмдѳгү психотроптук заттар табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада 1992-жылы туулган А.у.Ж., 2000-жылы туулган К.у.Н. аттуу жарандар кармалган.
Белгилей кетсек, психотроптук заттарды уруксат берүүчү документи жок ташуу жана таркатуу бул оор кылмыш болуп саналат жана 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.