Чүй облусунда курулуп жаткан терини кайра иштетүүчү жаңы заводдун курулушуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул долбоор өлкөдө чийки затты түз эле экспорттоонун ордуна кайра иштетүүгө жана кошумча нарк түзүүгө багытталган. Министрдин айтымында, Кыргызстан ырааттуу түрдө терең кайра иштетүүгө өтүп, атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгарууга умтулууда.
Жаңы завод 103 гектар аянтта курулуп, суткасына 24 тоннага чейин тери иштете алат. Бул мал чарбачылыгындагы терилерди талаага таштабастан, бут кийим жана тиричилик продукцияларын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада өлкөдө тери тармагында толук өндүрүштүк чынжыр түзүлүп, ички жана тышкы рынокторго багытталган продукция чыгаруу шарттары түзүлөт.
Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып, технологиялык жактан Түркия менен кызматташтык жүргүзүлүүдө. Бул кадам агро өнөр жайды өнүктүрүү жана кайра иштетүү тармагын чыңдоо үчүн маанилүү деп бааланууда.