Биз социалдык тармакта

Учак туманга карабай конуп... "Манас" аэропортундагы жаңы систем ийгиликтүү иштеп жатат (видео)

"Манас" эл аралык аэропортунда эми учактар туман каптап, көрүү начар болгон шартта да коопсуз конуп-уча алышат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдирип, CAT III системи ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

Мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов белгилегендей, бул жөн гана техникалык жаңылануу эмес, өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат.

"Мурда көрүнүү белгиленген минимумдан төмөндөп кеткенде, учкучтар экинчи айлампага кетүүгө же каттамды башка аэропортко бурууга аргасыз болушчу. Бул жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып, авиакомпаниялардын чыгымдарын көбөйтүп, каттамдардын туруктуулугун төмөндөтчү. Бүгүнкү күндө CAT III системинин аркасында аэропорт татаал аба ырайында да учактарды кабыл алып, жөнөтө алат",- деп билдирген ал.

"Манас" эропортундагы жаңы система ийгиликтүү иштеп жатат (
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан