Биз социалдык тармакта

Азия чемпиондугуна даярдык... Кыргыз балбандарына жаңы формалар берилди (видео)

Бишкек шаарындагы "Жаштык" аренасында 6-12-апрель күндөрү эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтөт.

Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстандын күрөш федерациясы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командага өзгөчө мааниге ээ болгон жаңы параддык форманы расмий түрдө тапшырды. Бул иш-чарага федерациянын биринчи вице-президенти Болотбек Ашыралиев жана улуттук курама командалардын жетекчиси Миржигит Адиев катышып, спортчуларга жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

"Жаңы форма ата мекендик "Аска" бренди тарабынан даярдалып, курама команданын муктаждыктары менен өзгөчөлүктөрү кылдат эске алынган. Форманын ар бир элементи улуттук баалуулуктарды чагылдырууга багытталып, кыргыз элинин маданий мурасы, түс тандоосу жана орнаменттери менен айкалыштырылган",- деп белгиленет маалыматта.

Кыргыз балбандарына жаңы формалар берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан