Биз социалдык тармакта

Депутат теледен балдарга арналып улуттук баалуулуктар көрсөтүлбөй жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова балдарга арналган телеберүүлөрдө улуттук баалуулуктарды чагылдырууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, УТРКнын "Баластан" телеканалында материалдык баалуулуктарды камтыган көрсөтүүлөр бар.

"Азыр улуттук идеология боюнча иштер жүрүп жатат. Бул багытта дагы да иш алып баруу керек. Мисалы, "Баластан" деген телеканалда улуттук баалуулуктар эмес, тескерисинче, материалдык баалуулуктар көрсөтүлүп жатат. Ал жакта кичинекей балдарга акча тууралуу оюндар көрсөтүлөт экен. Ушул сыяктууларды көрсөтпөсөңүздөр. Ансыз деле жаман жолго түшкөн балдар көп болууда. Биз, тескерисинче, ушундай телеканалдар аркылуу улуттук идеологияны көрсөтүшүбүз керек. Тилибиз, маданиятыбыз тууралуу берүүлөр көрсөтүлсө туура болмок",- деди депутат.

Депутат балдарга арналган берүүлөрдө улуттук баалуулуктарды сактоону сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан