Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Содном Ганхуяг менен жолугушту. Бул тууралуу 1-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз-Монгол кызматташтыгынын муниципалдык деңгээлдеги учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Содном Ганхуяг Улан-Батор шаарында көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын берүү пландалып жатканын билдирди.
Ошондой эле эки өлкөнүн тарыхый-маданий жакындыгынын далили катары борбор калаадагы Дамдин Сухэ-Батор атындагы көчө, ошондой эле Монгол жана Дархан тилкеси мисал катары келтирилди.