Биз социалдык тармакта

Кожомкул атындагы спорт сарайында бассейнди жаңылоо иши башталды

Бишкек шаарында Кожомкул атындагы спорт сарайы аймагында бассейн куруу үчүн даярдык иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда бассейн курула турган тилкеде демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Ага эки экскаватор жана 16 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар тартылган.

Долбоорду Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы ишке ашырууда. Оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштеринин негизги максаты - имараттын инфраструктурасын жакшыртып, айрыкча суу спортун өнүктүрүүгө шарт түзүү.

Долбоордун алкагында жаңы, заманбап бассейн курулуп, шаар тургундары үчүн спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилмекчи.

Иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан