Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп Болотбек Ашыралиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка президенттин администрациясынын өкүлү Эржигит Ибраимов тааныштырды.
Ашыралиев жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен алып, 2025-жылы Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын магистратурасын аяктаган.
Ал эмгек жолун 2021-жылы “Жаштык” дирекциясында баштап, кийин “Ынтымак” адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле “Жаштык” дирекциясында жетекчинин орун басары, андан соң “Спорттун улуттук түрлөрү боюнча” дирекциясынын директору кызматтарын аркалаган.
Акыркы учурда спорттук курулмалар жана камсыздоо боюнча мамлекеттик мекемени жетектеп келген.
Мындан тышкары, ал 2025-жылдан бери Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп саналат.