Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Кино лабораториясы” аттуу акысыз форум өтөт

Бишкек шаарында 3-5-апрель күндөрү жаш кинематографисттер үчүн үч күндүк “Кино лабораториясы” аттуу билим берүү форуму уюштурулат. Долбоор Евразия жаш кинематографисттер ассоциациясы (МАКЕ) тарабынан, АНО “Евразия” уюмунун колдоосу менен ишке ашууда. Катышуу толугу менен акысыз.
Форум катышуучуларга кино жаратуу процессине толук сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берет - сценарий жазуудан тартып, өзүнүн вертикалдуу тасмасын монтаждоого чейин. Программа жаңы баштагандарга да, тажрыйбалуу сценарист, оператор жана режиссёрлорго да пайдалуу болот.
Белгилей кетсек, бул долбоор алгач 2025-жылдын март айында Москва шаарында ийгиликтүү өткөн. Анда Евразиянын 9 өлкөсүнөн келген 150 жаш кинематографист 5 күндүн ичинде 10 кыска метраждуу тасма тарткан.
Катышуучуларды эмне күтөт?
Программа толук кино өндүрүш циклине негизделген:
• 1-күн: сценарий жазуу жана даярдык. Сторителлинг негиздери үйрөтүлүп, командалар идея иштеп чыгышат.
• 2-күн: тартуу процесси. Замандын талабына ылайык вертикалдуу видео жана мобилдик технологиялар колдонулат.
• 3-күн: монтаж жана премьера. Катышуучулар өздөрү тарткан материалды иштеп чыгып, жыйынтыгында тасмаларын көрсөтүшөт.
Мындан тышкары, программада белгилүү режиссёр Станислав Говорухиндин 90 жылдыгына арналган өзүнчө блок болот. Анда анын чыгармачылык ыкмасы жана кино тармагына кошкон салымы талданат.
Форумга 18–25 жаштагы, Бишкекте жашаган жаштар катыша алышат. Башка аймактан келгендер жол жана жашоо чыгымдарын өздөрү көтөрүшү керек.

Катышуу үчүн арызды төмөнкү шилтеме аркылуу жөнөтсөңүз болот: https://forms.gle/36H81YQZYQs61qFY6
Өтүү датасы: 3–5 апрель, 2026-жыл
Убактысы: 10:00 – 20:00
Жайгашкан жери: Бишкек (так дарек тандалган катышуучуларга айтылат)
ММК үчүн байланыш: +7(951)301-52-01
Социалдык тармактар: Инстаграм/ВК/Телеграм: @eurasia_kino
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан