Биз социалдык тармакта

Мектепке кабыл алуу башталды: Биринчи күндө 15 миңден көп бала катталды

Бүгүн, 1-апрелден тарта Кыргызстан боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды. Бүгүн саат 17:30га карата 15 миң 626 бала 1-класска катталды. Бул тууралуу агартуу министрлигинен билдиришти.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
• Бишкек — 4 478 бала
• Ош облусу — 2 630
• Жалал-Абад облусу — 2 505
• Баткен облусу — 1 641
• Чүй облусу — 1 582
• Ысык-Көл облусу — 1 104
• Нарын облусу — 641
• Талас облусу — 535
• Ош — 510 бала
Биринчи этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.
Белгиленгендей, 1-класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан