Биз социалдык тармакта

Жогорку Соттун төрагасы ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту

Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев 20дан ашык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сатыев жолугушууда массалык маалымат каражаттары “төртүнчү бийлик” катары коомдук пикирди калыптандырууда маанилүү роль ойногонун белгиледи. Ал журналисттерди жана блогерлерди сот системасынын ачыктыгын камсыз кылууга, тең салмактуу жана объективдүү маалымат берүүгө чакырды.

Ошондой эле төрага Жогорку Соттун өткөн жылы аткарган иштерине токтолуп, алдыдагы пландар менен бөлүштү. ЖМК өкүлдөрү суроо берип, сунуштарын айтышты, ал эми Сатыев алардын сунуштары сот системасы үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Жолугушуу ачык жана конструктивдүү өткөнү, тараптардын бири-бирине ишенимин бекемдөөгө жана коом үчүн маанилүү маселелерди талкуулоого өбөлгө түзгөнү айтылды. Мындай форматтагы жолугушуулар мындан ары да улантылары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан