Биз социалдык тармакта

Месароша көчөсүндө капиталдык оңдоп-түзөөлөр башталды

Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1 миң 350 метрди түзөт.

Иш учурунда жаңы технология — атайын ресайклер техникасы колдонулуп жатат. Ал жол катмарын кайра иштетип, аны жаңыдан түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай ыкма жолдун сапатын жакшыртып, анын кызмат мөөнөтүн узартууга багытталган.

Муниципалдык ишкананын маалыматына караганда, жумуштар жүрүп жаткан тилкеде транспортко убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Жолду пайдаланган жарандардан жана унаа айдоочулардан түшүнүү жана сак болууну суранууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан