Бишкектин Биринчи Май району боюнча Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмону кайра алып салды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотуп алышкан. Бул объект буга чейин да демонтаждалган, бирок кайра орнотулган.
Демонтаждан кийин конструкциялар алынып, айып короосуна жеткирилди. Ээлери аларды айып пулду жана чыгымдарды төлөгөндөн кийин гана ала алышат.
Муниципалдык аймакта мындай мыйзамсыз объекттерди кайрадан орнотууга жол берилбейт.