Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагындагы спорттук объектилердин курулуш иштерин жеринен кыдырып, алардын жүрүшү менен таанышты.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, мэр футбол аянтчаларынын оңдоп-түзөө иштерин текшерип, буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын карады.
Мындан сырткары шаардагы мектептерде жана аймактарда курулуп жаткан жаңы футбол аянтчаларынын сапатына өзгөчө көңүл бурулду.
Жанарбек Акаев курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, жаштардын пайдалануусуна эртерээк берүү зарылдыгын баса белгиледи.
Бул жаңылануу иштери жаштардын сергек жашоо образын калыптандырууга, спортко кызыгууну арттырууга жана бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.