Биз социалдык тармакта

Кыргызстан БУУ менен кызматташууну бекемдөөнү улантат

Бүгүн, 1-апрель күнү Бириккен Улуттар Уюмунун башкы кеңсесинде Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын президенти Анналена Бербок жолугушту. Бул тууралуу туруктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, Башкы Ассамблеянын 80-сессиясынын артыкчылыктарын жана Кыргызстан менен БУУ жетекчилигинин ортосундагы мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Аида Касымалиева Кыргызстан БУУнун максаттары менен принциптерин туруктуу колдой турганын белгилеп, уюмдун ишине мындан ары да активдүү жана конструктивдүү катышууга даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан