Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институту кабарлагандай, Кыргызстанда бүгүн, 2-апрелде саат 5:28де күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Куршабдан 6 чакырым түштүк-батышта, Мырза-Аке айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Суу, Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жер силкинүү Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Ничке-Сай, Салам-Алик айылдарында 3,5 балл, Ош, Жалал-Абад, Көк-Янгак шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

ӨКМ учурда жер жерлеринде тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан