Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын бир катар маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышты.
Маалыматтарга караганда, чек арачыларга аны өлкөдөн чыгарбоо буйругу берилген.
Белгилей кетсек, Токторбаев кечээ, 1-апрелде жана андан мурунку күнү ИИМде сурак бергени айтылган. Анын сурак беришинин себеби дагы деле белгисиз. ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Социалдык тармактарда ал Ош шаарын жетектеп турганда мэрия 12 миллиард сом карыз болуп калганы, ишкерлер акчаларын ала алышпай жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан.