Биз социалдык тармакта

"Күтүп тосуп алышкан". Спикер 75 адамдын каты парламентке кантип киргенин айтты (видео)

Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү демилгелеген 75 адамдын каты убагында Жогорку Кеңешке киргенин билдирди.

Ал спикер болуп шайланган алгачкы күнү эле каттын киргенин аныктоо иштерин жүргүзгөнүн белгиледи. Натыйжада, кат парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетине түшкөнү аныкталган. Спикердин айтымында, жагдайды андан ары тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.

"Комиссия кагаз кантип бул жакка келгенин жана кантип комитетке киргенин аныктап чыккан. Бүгүнкү күндө анын жыйынтыгы ИИМге берилген. Ал жакта тергөө өз жумушун алып барып жатат. Ал катты Жогорку Кеңеште кадимкидей эле күтүп тосуп алышкан. Эмнегедир, кат мурдагы төрагага жардамчылары аркылуу колуна берилген. Андан соң тийиштүү тапшырмалар берилип, тийиштүү комитеттин кароосуна жиберилген",- деди Маматалиев.

Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. Мындан улам өлкөдө саясий кризис орун алып, бир топ жетекчи иштен алынган. Өлкө башчысы Конституциялык сотко кайрылган. Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт деген чечим чыгарып, шайлоо маселесине чекит койгон.

Бул арада кайрылууга кол койгон 6 адам 11-февраль күнү кармалышкан. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалган Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековду 10-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.




"Күтүп тосуп алышкан". Спикер 75 адамдын каты парламентке киргенин айтты (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан