Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында депутат Кубанычбек Самаков мал арасында шарп ылаңына каршы вакцина берилбей жатканынын себебине кызыкты.
Эл өкүлү Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын өкүлүнө кайрылып, "мал шарп ылаңы менен ооруп, өзүнөн-өзү айыгып жатат. Эмне себептен ылаңдын түрлөрүн таап, вакцина даярдаганга мүмкүнчүлүк издебей отурасыздар?
Жыл сайын 500 миллион сом дары-дармекке которулат деп айтып жатасыз. Эл сиздердин (ред.: ветеринария кызматы) дарыларды эмес, көрүнгөн антибиотиктерди сайып, эптеп керосин-солярка колдонуп айыктырабыз деп аракет кылып жатат. Анын кесепети сүткө өтүп, анын анализинен ар кандай антибиотиктер чыгып жатат. Эртең бул мамлекеттик коопсуздукка шек келтирчү нерсе",- деп собол салды.
Ветеринария кызматынын башчысынын орун басары Кумарбек Исаковдун айтымында, учурда ылаңга каршы вакцина боюнча маселе чечилген.
"Ылаңыдын сейрек типтери такталып бүткөн. Вакцина боюнча дагы маселе чечилген. Бүгүнкү күндө мунун үстүнө иш алып барылууда. Вакцина дароо чыкпайт. Ага буюртма бергенибизге бир ай болду. Ал биз айткан типтин негизинде эки айда даяр болот",- деди Исаков.
Жоопко каанаттанбаган депутат вакцинаны эл күтүп калганын кошумчалап, вакцина боюнча көзөмөл кылууну суранды.
"Эки ай деп айтканыңарга үч ай болду. Эл күтүп жатат. Силердин вакцинаңар чыкканча, мал шарп ылаңынан айыгып жатат",- деди эл өкүлү.