1-апрелде Индияда масштабдуу калкты каттоо иши расмий түрдө башталды. Бул тууралуу индиялык The Economic Times басылмасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, каттоо эки этап менен өткөрүлүп, 2027-жылдын март айында жыйынтыкталат. Өлкөнүн калкы 1,4 миллиарддан ашып, дүйнөдөгү эң жыш жайгашкан өлкөлөрдүн бири болуп саналат.
Каттоо процессине 3 миллиондон ашуун мамлекеттик кызматкер тартылат. Алгачкы 15 күн ичинде жарандар атайын сайт аркылуу өздөрү тууралуу маалыматтарды онлайн киргизе алышат. Андан кийин 30 күн бою өлкө боюнча үймө-үй кыдыруу жүргүзүлөт.
Жарандар 33 суроодон турган анкетага жооп беришет.
Бул жолу бардык маалыматтар санарип форматта чогултулат. Сурамжылоону жүргүзгөн кызматкерлер смартфон жана планшеттер менен камсыз болуп, атайын программалык камсыздоону колдонушат.
Индия бийлиги бул иш-чарага 1,4 миллиард доллар каражат бөлгөн.
Белгилей кетсек, Индияда калкты каттоо ар 10 жыл сайын өткөрүлөт. Мурдагы каттоо 2021-жылы өтмөк, бирок COVID-19 пандемиясынан улам жылдырылган. Ошол убакыттан бери калктын саны өсүп, 2023-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун маалыматы боюнча Индия калктын саны боюнча Кытайды артка калтырган.