Ош эл аралык аэропортунда биринчи жолу Ташкент – Ош багыты боюнча түз аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде облустук жетекчиликтен маалымдашты.
Маалым болгондой, баштапкы этапта каттамдар аптасына эки жолу аткарылып, келечекте төрт жолуга чейин көбөйтүлөт. Авиабилеттердин баасы эки тарапка тең 120 долларды түзөт.
Ош облусунун жетекчилиги жана жергиликтүү коомчулук эки өлкөнүн өкмөттөрүнө мындай маанилүү жана керектүү чечимди кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Бул авиакаттам эки шаардын ортосундагы байланыштарды чыңдап, туристтик жана соода-экономикалык өнүгүүгө жаңы дем берет.