Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жалпы республикалык тестирлөөнү акысыз кылууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай тестирлөөлөр бардык өлкөлөрдө бекер өткөрүлөт.
"Учурда ЖРТнын баасы 470 сом. Мен ЖРТ сынагына кеткен бардык чыгымдарды республикалык бюджетке которууну сунуштагам. Чет мамлекеттерде мындай тесттер бекер болот. Бизде анын баасын 500 сомго көтөрдү. Эмненин негизинде төлөмдү көтөрүп жатышат? Эмнеге Экономика министрлиги бул чыгымдарды республикалык бюджетке киргизүүнү пландаштырбайт?",- деди депутат.