Индияда сүрөткө түшүү үчүн кызыл түскө боёлгон 65 жаштагы пил өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган жаныбар орусиялык блогер Юлия Бурулева тарабынан уюштурулган фотосессияга катышкан. Жаныбарларды коргоо боюнча адистер өлүмгө стресс жана боёктун уусу таасир бергенин билдиришкен.
Ал эми сүрөткө түшкөн блогер пилге жергиликтүү органикалык боёктор колдонулганын, ал жаныбар үчүн коопсуз болгонун белгилеп өткөн.
Аталган блогер ар кайсы өлкөлөргө саякаттап, өзгөчө жайларда уникалдуу сүрөттөрдү жаратып келет. Окуядан кийин социалдык тармактын колдонуучулары ага жаныбарларга аяр мамиле кылууну жана мындай сүрөттөрдү жасалма интеллект менен жасоону сунушташкан.