Биз социалдык тармакта

Бир күндө 15 миңден ашуун бала 1-класска катталды

Бир күндө өлкө боюнча 15 миңден ашуун бала 1-класска катталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-апрелде балдарды мектепке электрондук каттоо башталган. Каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө старт алып, саат 17:30га чейин 15 миң 626 бала катталууга үлгүргөн.
  • Бишкек шаарында - 4 миң 478,
  • Ош облусунда - 2 миң 630,
  • Жалал-Абад облусунда - 2 миң 505,
  • Баткен облусунда - 1 миң 641,
  • Чүй облусунда - 1 миң 582,
  • Ысык-Көл облусунда - 1миң 104,
  • Нарын облусунда - 641,
  • Талас облусунда - 535,
  • Ош шаарында - 510 бала катталды.
Белгилей кетсек, быйыл 1-класска 2019-жылы жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат. Каттоонун экинчи этабы 1-июнда башталары кабарланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан