
Бишкек шаарында 146 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 2-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, шаар мэриясы муниципалдык жер тилкесин пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталган.
Натыйжада Көк-Жар кичи районунун Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан баасы 146 миллион 273 миң сомду түзгөн 0,63 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.