АКШга Ормуз кысыгынын кереги жок жана АКШ ал жол аркылуу мунай ташууга муктаж эмес. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Ак үйдө сүйлөп жатып айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
Анда ал Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуучу өлкөлөр анын коопсуздугун өздөрү камсыз кылышы керектигин баса белгилеген.
"АКШ Ормуз кысыгы аркылуу дээрлик мунай ташыбайт жана мындан ары да ташууну пландабайт. Бизге Ормуз кысыгынын кереги жок. Ал аркылуу мунай ташыган өлкөлөр коопсуздугун өздөрү камсыз кылышы керек. Алар муну оңой эле жасай алышат",- деген Трамп.
Ал Америка мунайга бай экенин жана мунайга муктаж өлкөлөр АКШдан сатып алса болорун кошумчалай кеткен.