Бүгүн, 2-апрелде өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынынын алкагында өттү.
Анда өкмөт башчы жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.
“Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон умтулуусун тастыктап жатканын канааттануу менен белгилейм”,- деген ал.