Биз социалдык тармакта

ЖМК: Кытай Түштүк Кытай деңизине аскердик база курууну пландап жатат 

Кытай бийлиги Түштүк Кытай деңизинде ири аскердик база курууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кытай дээрлик он жылдык тыныгуудан кийин аралдарда курулуш иштерин кайра баштап, талаштуу аймак деп эсептелген жерди эң ири аскердик базага айлантууну көздөп жатат.

Айрым чет элдик басылмалар спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялап, аралда пристандар, тик учак аянтчалары, ар кандай имараттар пайда болгонун жазышкан. Эксперттердин айтымында, курулуш аяктагандан кийин Кытай аталган жерди кошумча ракеталык жана чалгын объекттери катары колдонушу мүмкүн.

Ал эми Кытай ТИМинин өкүлү курулуштар аралдардагы жашоону жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Түштүк Кытай деңизи дүйнөдөгү эң маанилүү жана талаштуу аймактардын бири. Ал Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосунда жайгашып, бир нече өлкөлөрдүн кызыкчылыгы кесилишкен стратегиялык зона болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан